Сени Жактырам (I accept you) by Tamga (Ft. Баястан (Bayastan))
Сени Жактырам (I accept you) by Tamga (Ft. Баястан (Bayastan))

Сени Жактырам (I accept you)

Tamga & Баястан (Bayastan) * Track #10 On Тайманбас (Fearless)

The music player is only available for users with at least 1,000 points.

Сени Жактырам (I accept you) Lyrics

[Текст Тамга & Баястан "Сени жактырам"]

[1- куплет: Баястан]
Жанымда болбосоң, жүрөгүмдө сен барсын
Карагатай көздөрүңө берилип сагынып кусага батамын арбалып мен дайым
Көз алдымда болбосоң, оюмда сен барсын
Эгерде көрбөй калсам, сен жөндө ырлар жазам

Кайда барсам, кайда жүрсөм сен деймин
Кайда барсаң мен сени эңсеймин
Таалайыма белек болуп келгенсин
Кыялымда сени жанга бербеймин

Жаз келет жашоомо жылмайсаң
Күлкүн дем берет жыргасаң
Колумду коркпой кармасаң
Боломун жакын барынан

[Бридж: Тамга]
Кыялдансам ээй
Көз алдымда сеен
Элесин эң назик сезимдер мага тартуулай
Көңүлүм бөлүнүп өзүңө гана тартыла

Жүзүң көрсөм мммм
Жүрөгүм толкуп мммм
Тура албаймын, жанып жайдары көздөрүм
Бара албаймын, байланып менин сөздөрүм

[Припев: Тамга]
Кызыгып көздөрүмдүн кыры менен сага карай
Сүйүмдү арнаганым ырлар менен сага далай
Башкасын карабадым жалгыз гана сени тандай
Кызарып кызганамын кимге билбейм сени далай

А бирок деги сен да мени, сен мени сен мени
Сен да мени, сен мени сен мени
Байкайсыңбы

[Бридж: Тамга]
Кучагыңа меен
Курчалсамбы, дее ейм
Асылып мойнуна, кысылып койнуна, кармасам
Жакшыда жаманда бир болуп, сени жандасам

Сезесиңби сеен
Сүйүү демин мендеги
Неге мынча жактырамын, билалбадым
Неге мынча жаным сага жалындады

[Припев: Тамга]
Кызыгып көздөрүмдүн кыры менен сага карай
Сүйүмдү арнаганым ырлар менен сага далай
Башкасын карабадым жалгыз гана сени тандай
Кызарып кызганамын кимге билбейм сени далай

А бирок деги сен да мени, сен мени сен мени
Сен да мени, сен мени сен мени
Байкайсыңбы

[2-куплет: Баястан]
Эгерде жаным десең
Сени менен жылдыздарды аралаймын
Эгерде Жаным десең
Сени менен кыялдарды мен курамын

Менин сүйүүм менин жарымымсың
Күн нурундай менин жарыгымсың
Жүрөгүмө сен так калтырып
Шок жүрөктү сен багынтырдын

Күндүзү күнүм болуп келесиңби
Түнүмдо айым болуп бересиңби
Өзүң болуп калдын мага керегимсин
Сунамын аруу сүйүү сезесиңби

Жаз келет жашоомо жылмайсан
Күлкүн дем берет жыргасаң
Колумду коркпой кармасаң
Боломун жакын барынан

Сени Жактырам (I accept you) Q&A

Who produced Сени Жактырам (I accept you)'s ?

Сени Жактырам (I accept you) was produced by Erny Beats.

When did Tamga release Сени Жактырам (I accept you)?

Tamga released Сени Жактырам (I accept you) on Thu Jan 31 2019.

Your Gateway to High-Quality MP3, FLAC and Lyrics
DownloadMP3FLAC.com