Бул Дүйнө by Мирбек Атабеков (Mirbek Atabekov)
Бул Дүйнө by Мирбек Атабеков (Mirbek Atabekov)

Бул Дүйнө

Mirbek-atabekov

The music player is only available for users with at least 1,000 points.

Download "Бул Дүйнө"

Бул Дүйнө by Мирбек Атабеков (Mirbek Atabekov)

Release Date
Mon Oct 05 2020
Performed by
Mirbek-atabekov
Produced by
Writed by
Нурак Абдырахманов (Nurak Abdyrakhmanov)

Бул Дүйнө Lyrics

Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген
Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген
Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен
А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген (ай)
Туңгуюкка кептеген
Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай
Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай
Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай
Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай (эй)
Кара жанды кыйнамай
Бул дүйнөнүн байлыгын (эй) жалгыз ээлеп алчу бар
Мансап үчүн эл-журтун да курмандыкка чалчу бар
Адамзаттын ушулар (ай) убалына калчулар
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар (ай)
Акыр заман салчулар
Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы
Өмүрлөрдүн чак түшү (эй) алтын жаштык турбайбы
Каран калсын көр оокат, алды-аркасын ылгайлы
Эл-журт болсо биз болорбуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы (эй)
Эркин дүйнө турбайбы
Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп
Гүл жайнаган бакчаңды да күлүк мезгил бүлдүрөт
Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк
Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет (эй)
Бакыт канча ким билет
Кырчын жаштын кадырын да кыярганда билерсиң
Кызыл өңдүн кадырын да кубарганда билерсиң
Бар байлыктын кадырын да чачылганда билерсиң
Бак-таалайдын кадырын сен басынганда билерсиң (эй)
Качырганда билерсиң
Адал ниет, ак жүрөк алсыздарга шум дүйнө
Жан дүйнөсү бош калгандай наадандарга кур дүйнө
Кадырына жеткенде катасы жок нур дүйнө
Биз өтсөк да калар жаркып дайым жап-жаш бул дүйнө (эй)
Дайым сулуу бул дүйнө
Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай
Мүнөт санап өмүрлөр (ай) өтүп жатат байма-бай
Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай
Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай (эй)
Бактыбызды байлабай
Бир берилген бул өмүрдү бүтпөчүдөй ойлойсуң
Болбос ишти кор кылып (эй) оюнчуктай ойнойсуң
Шумкар болуп сызасың (эй), жылан болуп сойлойсуң
Миң-миң сырдуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң (эй)
Миң жашасаң тойбойсуң
Миң-миң сырдуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң (эй)
Миң жашасаң тойбойсуң

Бул Дүйнө Q&A

Who wrote Бул Дүйнө's ?

Бул Дүйнө was written by Нурак Абдырахманов (Nurak Abdyrakhmanov).

Who produced Бул Дүйнө's ?

Бул Дүйнө was produced by .

When did Mirbek-atabekov release Бул Дүйнө?

Mirbek-atabekov released Бул Дүйнө on Mon Oct 05 2020.

Your Gateway to High-Quality MP3, FLAC and Lyrics
DownloadMP3FLAC.com