[Текст песни «Бай болгом»]
[1-куплет]
Мен да бай болгом, чоң болгом
Чөнтөкө акча жык толгон
Жанымда досторум көп эле
Күлүп ойногон
Көнүмүш адатымды койбоптурмун
Берилген ырыскыма тойбоптурмун
Түбөлүк жашай берем дегенсип
Ойлоптурмун
[Кайырма]
Дагы, дагы, дагы чыда кичине
«Өтөр, кетер бул күндөрүң», — дечү эле
Чыдай берем, чыдай берем, а бирок
Бүтпөйт эч эле
А мына, мына, колдо турат, дегенче
Кармагыча, учуп кетет бир кезде
Чыдай берем, чыдай берем, а бирок
Бүтпөйт эч эле (Туй ата)
[Көпүрө]
Ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
[2-куплет]
«Ага-тай», — деп сулуу кыздар жүрчү эле
Мен күлсөм, кошоматчылар күлчү эле
Мактаган сайын дардаңдарымды
Баары билчү эле
Бул байлыгым бүтпөчүдөй дептирмин
Карапайым эл ырысын жептирмин
Жаман иштин кайра кайтып келээрин
Билбептирмин
[Кайырма]
Дагы, дагы, дагы чыда кичине
«Өтөр, кетер бул күндөрүң», — дечү эле
Чыдай берем, чыдай берем, а бирок
Бүтпөйт эч эле
Мына, мына, колдо турат, дегенче
Кармагыча, учуп кетет бир кезде
Үмүт кылам, үмүт кылам, а бирок
Бүтпөйт эч эле (Туй ата)
[Көпүрө]
Ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту (Туй ата)
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
[3-куплет]
Мен да бай болгом, чоң болгом (Эх)
Чөнтөкө акча жык толгон (Ай-ай)
Жанымда досторум көп эле (Туй ата)
(Жанымда досторум көп эле)
«Ага-тай», — деп сулуу кыздар жүрчү эле (Ой-ой-ой)
Мен күлсөм, кошоматчылар күлчү эле
(Мен күлсөм кошоматчылар күлчү эле
Э-хе-хе-хе-хе)
[Кайырма]
Дагы, дагы, дагы чыда кичине
«Өтөр, кетер бул күндөрүң», — дечү эле
Чыдай берем, чыдай берем, а бирок
Бүтпөйт эч эле
Мына, мына, колдо турат, дегенче
Кармагыча, учуп кетет бир кезде
Бирок үмүт кылам, ал күндөрүм бар эгер
Келет тез эле (Туй ата)
[Аяктоо]
Ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Ту-ту-ду, ту-ту
Бай болгом (I Was Rich) was written by Мирбек Атабеков (Mirbek Atabekov) & Акбар Кубанычбеков (Akbar Kubanychbekov).
Бай болгом (I Was Rich) was produced by Акбар Кубанычбеков (Akbar Kubanychbekov).
Мирбек Атабеков (Mirbek Atabekov) released Бай болгом (I Was Rich) on Thu Jun 27 2019.